Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Ысык-аталык мугалим Аида эмгек жолун өзү окуган мектептен баштады (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Бирдик айылындагы Кызыл-Милянтан орто мектебинин кыргыз тилчи мугалими Тынчтыкбек кызы Аида эмгек жолун өзү окуган мектептен баштаган. Ал аймактык кабарчыга «окуучу эмне үчүн жаман окуйт?» деген суроого жооп берип, окуучуларды сабакка кызыктыруунун жолдорун айтты.

WhatsApp Image 2017-09-13 at 08.27.09

«Эң алгач эмгек жолумду өзүм аяктап кеткен Актилек орто мектебинен баштагам. Учурда Ысык-Ата районундагы Бирдик айылындагы Кызыл-Милянтан орто мектебинде кыргыз тилинен сабак берем. Албетте, мугалимдик кесипти бала кезден кыялданчумун. Азыр бар күчүмдү окуучуларга жумшап, аларга татыктуу билим берүүгө аракет кылам.

Өзүӊөр билгендей, азыр оӊой менен балдардын көӊүлүн бура албайсыӊ. Ошол себептен сабакты кызыктуу өтүү керек. Ар бир өткөн сабак алардын эсинде кала тургандай болсо, ошол жемиштүү болот. Ар кандай оюндарды, макал-лакаптарды, жашоодон алынган окуяларга салыштырып жана көргөзмө куралдар менен өтөм. Кызыктуу окуялар көп болот. Окуучулардын ата-энеси үйдөн кандай мамиле кыларын да билсе болот. Алар жашырбай айтып берет.

WhatsApp Image 2017-09-13 at 07.58.19

Бир ирет бир окуучум "күндө кечинде апам менин көңүлүмдү оорутат" деп айтып калды, "эмнеге?" деп сурасам, "үй тапшырма жаз дейт" деп жооп берди. Мындай ыкма өтө туура эмес. Ата-эне жакшы мамиле, жакшы сөз менен сабак окутушу керек. Эгер окуучу кайсы бир сабакты жактырбай, аны окугусу келбесе, демек күнөө окуучуда эмес. Ал сабакты окуткан мугалим окуучуну кызыктырбай, ошол сабактан окуучу өзүнө кызыга турган нерсесин тапкан эмес. Ошонун жолун чогуу издеш керек. Болбосо окуучуларга бирдей билим берилет, болгону кызыгуу жок», - деди ал.

Тынчтыкбек кызы Аида 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 357
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу