Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Жайыл районунда унаа салыгын төлөбөгөндөргө рейд жүрүүдө (фото)

Turmush -  1-сентябрдан баштап Чүй облусундагы Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын унаа жолдорунда патрулдук милициянын жана салык инспекциясынын кызматкерлери рейд өткөрүп жатышат. Жайыл районунун мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Нурлан Мамановдун маалыматына караганда, аталган рейдде унаа ээлеринин документтери жана унаа салыгын төлөнгөндүгү тууралуу маалымдамалары текшерилүүдө.

«Унаа салыгын төлөө мөөнөтү бүткөндө күн сайын Жайыл районунун ыкчам-профилактикалык иш-чараларын жүргүзгөн кызматкерлер менен бирге текшерүү иштерин жүргүзүп турабыз. Убагында унаасына салык төлөнбөгөндөргө 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат», - деди ал.

Рейддин жүрүшүндө унаанын маңдайкы айнегинде салык төлөгөндүгү тууралуу маалымдамасы чапталбаган унаалар токтотулуп жатат. Токтотулган унаалардын арасында Казакстан жана Россиянын да транспорт каражаттары бар. Алардын техникалык көзөмөлдөн өтүп-өтпөгөндүгү текшерилет.

Инспекторлор бир сааттын ичинде 20 авто унааны токтотуп текшерди. Алардын ичинен 6 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды.

Статистика боюнча эң көп жол эрежелерин такси айдоочулары бузуп, салык төлөбөй, уруксат кагазын да алышпайт. Учурда рейд иш-чаралары улантылып жатат. Бүгүнкү күндө салык кызматкерлери 15 млн 363 миң сом акча каражатын чогултуп, айдоочуларга 6 миң 400 маалымдама берди.

Салык кызматкерлери бир жыл ичинде унаа ээлеринен 18 млн сомго жакын акча каражатын чогултушу керек. Ал эми, салыктан топтолгон акча жыл сайын болжол менен 1 млн сомго көбөйөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 366
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу