Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Жайыл районунда эликтин чаарчыгын үйүндө кармаган адам аныкталды

Turmush -  Жайыл районуна караштуу Моңолдор айылынын тургуну үйүнө багып жүргөн эликтин чаарчыгы ветеринарлардын кароосуна өткөрүлдү.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына караганда, жергиликтүү тургун Абдракманова Э.Р. эликтин чаарчыгын үйүндө мыйзамсыз кармаган. Жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп, эликтин чаарчыгы ветеринарлардын жана Мамэкотехинспекциянын кароосуна өткөрүлдү. Кызыл китепке кирген жандыкты кармагандарга чара көрүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарларды кармоого, аларга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 433
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу