Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Жумгалда эки көзү көрбөй калган 17 жаштагы Эламан өкмөт башчыга кайрылды (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 17 жаштагы тургуну Эламан Дуулатбек уулу өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылды.

Эламан Дуулатбек уулу 2000-жылы 24-декабрда туулган. Ал үйдө 7 бир тууган, 5 эркек жана 2 кыз, Эламан эркек балдардын бешинчиси. Апасы Кайырбүбү Нуралиева 1972-жылы туулган, учурда жумушсуз, үйдө дыйканчылык менен алектенсе, атасы Дуулатбек Исаев 2005-жылы кайтыш болгон.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Эламан апасы менен кыргыз өкмөтү тарабынан Түркиянын Анкара шаарындагы Анкара билим изилдөө ооруканасына барган. Бирок ал жердин дарыгерлери операция кыла албай тургандыгын билдирип, Стамбулга менчик ооруканага жиберишкен.

Апасы Кайырбүбү Нуралиева учурда Стамбулдан баласынын көзүнө операция кылууга керектүү 300 миң сомдун тегерегинде акча каражатын таба албай убара болууда.

«Ушу баламдын көзү көрүп кетүүсүнө ишенем. Баламды жетелеп жүрүп жүрөк оорулуу, нерв оорулуу болуп бүттүм. Урматтуу Сапар Жумакадырович, балама чет жактан операция жасатууга каражат таба албай кыйналып келем. Интернет аркылуу коомчулукка, жалпы журтка кайрылууга аргасыз болуп отурам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо баламдын операциясына жардам берүүңүздү өтүнөм. Уулум экөөбүздүн сизден чоң үмүтүбүз бар», - деди К.Нуралиева.

Эламан келечекте элге ыйман, ынсап тынчтык жана бейпилдик чакыра турган имам болгусу келерин жана апасы, бир туугандарын бага турганын айтты.

«Урматтуу Сапар Жумакадырович апам көзүмдү операция кылууга керектүү каражатты таба албай жаткандыктан сизге кайрылуудамын. Мага жардам берүүңүздү өтүнөм. Менин көп максаттарым бар, аны ишке ашыруум керек», - деди Э.Дуулатбек уулу.

Жардамга муктаждын банктагы эсеби:
- Алуучу: Нуралиева Кайырбубу Адыбаевна;
- Банктагы эсеби: № 1290283480000089;
- Байланыш телефону: 0700021672, 0778530896.

Тема боюнча: 16 жаштагы Эламан Түркиядан 2 көзүнө операция жасатып келүү үчүн материалдык жардамга муктаж (фото)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4933
Көп окулду
×