Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

«Эгиздер»: Аида көйнөк талашкан кыздарына окшош кийим издеп убара болот (фото)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Ата районунун Биринчи май айылынын 5 жаштагы тургундары Мадина менен Малика Бектеназарова.

Алардын апасы Тынчтыкбек кызы Аиданын айтымында, кыздарын кичинекей кезинде ыйынан айырмалап таанычу.

«Биринчи Мадина төрөлгөн. Анын салмагы 2 кг 680 грамм болсо, Маликанын салмагы 2 кг 640 грамм болгон. Кичинекей кездеринде мен алардын ыйынан таанычумун. Малика жоош болуп, көп ыйлачу эмес, ал эми Мадина катуу ыйлачу. Азыр деле мүнөздөрү ошондой. Эгиздер бири-бирин издешет экен. Бири алыска кетсе, экинчиси жоктоп жаман болот. Экөөнү окшош кийинткенге аракет кылам. Эгерде эки башка кийим алып берсем, экөө теӊ бир эле кийимди тандап, ошону талашып калышат. Ошондуктан кийимдерди окшош издейбиз.

Албетте, жалгыз бала менен эгиз баланы багуунун айырмасы чоӊ, түйшүгү да оор. Бирок андай түйшүктүү убак өттү. Ата-энем, балдарым, бир туугандарым ар дайым жанымда болуп, каралашып турушат. Эгиздеримден башка бир уулум бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 638
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×