Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук балбан Дөөлөтбек 50 спортчуну кыргыз күрөшү менен машыктырат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы 20 жаштагы машыктыруучу Акылбек уулу Дөөлөтбек 3 жылдан бери спортчуларды машыктырып келет. Ал өзү да кыргыз күрөшү менен 9 жыл машыккан. Аймактык кабарчы Дөөлөтбек менен таанышты.

«Мен бала кезден спортко жакын өстүм. Профессионалдуу түрдө спорт менен 9 жылдан бери машыгып келем. 2012-2015-жылдар аралыгында Казакстанга 3 жолу барып, алдыңкы орундарды багындыргам. Кыргызстандын 2 жолку чемпионумун. Негизи эле Кыргызстандын ичинде өткөн көптөгөн мелдештерге катышып, ийгиликтерди жараттым.

Учурда Сокулук районунда күрөш боюнча машыктыруучу болуп 3 жылдан бери иштеп келем. Күн сайын кечки саат 17:00дөн саат 19:00гө чейин машыгабыз. Машыгуу залына 50 бала келет. Кайра саат 19:00дөн 21:00гө чейин экинчи тайпаны машыктырам. Кудай буюрса, менден машыгып жаткан спортчулардын арасында көптү үмүттөндүргөн балдар бар», - деди ал.

Акылбек уулу Дөөлөтбек үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×