Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Президенттин айылдашы Е.Дубанаев 30 тонна ашкабак өстүрдү (фото)

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 53 жаштагы тургуну Емильбек Дубанаев быйыл 1 гектар жерге ашкабак эгип, 30 тонна түшүм жыйнады. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери жер иштетип, дыйканчылык кылып келет. Ашкабактын 1 кг 25 сомдон сатат.

WhatsApp Image 2017-09-12 at 08.10.19

«Жашылча-жемиштин көп түрүн өстүрүп көрдүм. Быйыл 1 гектар жерге ашкабак эктим эле, 30 тонна түшүм алдым. Техниканын жетишсиздигинен кыйынчылык болду. Мен быйыл 1 гектар жерге 15 миң сом сарптадым. Азыр ашкабактын 1 кг 25 сомдон сатып жатам. Кудай буйруса 30 тоннадан 500 миң сомдон жогору киреше алышым мүмкүн.

Эгер ашкабак өстүрөм десеңер бир катар эрежелерди эске алуу керек. Ашкабактын үстүнөн плёнка тартуу зарыл. Өз убагында өнгөн ашкабакты плёнканы тешип чыгарып, кайтаруу зарыл. Себеби урукту каргалар чукуп жеп коет. Ошондой эле, сууну убагы менен берүү керек. Ашкабактын башка өсүмдүктөрдөн айырмачылыгы — түшүмдүүлүгү жогору болот. Анткени бир уруктан 4-5 баш ашкабак чыгат», - деди ал.

Дыйкан 4 кыз, 1 уулдун атасы.

30 тонна

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 760
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу