Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Кара-балталык И.Бичкий 6 кг салмактагы балыктарды кармайт (фото)  

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 50 жаштагы тургуну Ирэн Бичкий жети жашынан бери балык уулоого кызыгат. Ал алгачкы жолу карася балыгын үч жашында атасы жасап берген кайырмак менен кармаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Карася балыгын кадимки сөөлжан менен кармагам. Биринчи кайырмагым азыр да эсимде калды. Ал жеңил жана кичинекей болчу. Кайырмагымды сууга салып отурсам, атам «кыймылдап жатат, тарт» деди. Мен кайырмакты тартып, балыкты кармап алдым. Ошол мезгилде балык өзүмө абдан чоң көрүнүп, кубанып, сыймыктангам. Мурда балыкты кармоо оңой болчу. Анткени, көлмөлөр менчик эмес жана акысыз эле. Каалаган жерде балык кармачубуз жана көлмөлөрдө да балыктар көп болчу. Негизи атам мергенчи болгон. Бирок мен балык уулоону жан дүйнөм менен жакшы көрөм жана жашоомду бул кызыктуу ишим жок элестете албайм. Балык кармоо менен 43 жылдан бери алектенем», - деди ал.

Айрымдары Ирэндин балык кармаганына ишенбесе, айрымдары бул айымдардын жумушу эмес экенин айтышат. Ал балыктарды Кыргызстандын көлмөлөрүндө гана эмес Россиянын көлмөлөрүндө да кармайт.

«Кечээ жолдошум жана анын досу болуп Алексеевка айылындагы Литвин жасалма көлмөсүнө балык кармаганы бардык. Алар жарым күндүн ичинде бир дагы балык кармашкан жок. Ал эми, мен анча чоң эмес үч сазан кармадым. Айдын жаңырышы балык кармоого таасирин тийгизет. Ошондуктан кечээ көп балык кармай алган жокпуз. Негизи ай жаңырган мезгилде балык уулоого чыкпайм. Үй иштеринен чарчаганда жолдошум балык кармоого барып кел деп айтат. Жаратылышты абдан жакшы көрөм. Кайырмак салуу мен үчүн эч нерсеге алмаштыргыс эң мыкты эс алуу», - деди Ирэн.

Анын айтымында, балык кармоо кайырмактан көз каранды эмес.

«Менин кайырмагым жөнөкөй бамбук жыгачынан колго жасалган. Спиннингди колдоно албайм, ал абдан оор жана калың. Балам мага спиннинг белекке берген. Бирок аны колдоно элекмин. Бамбуктан жасалган кайырмак сапаттуу болот. Аны менен бир-эки кг салмактагы сазандарды кармап жүрөм. Мен кармаган балыктардын эң чоңу болжол менен узундугу 1 метр, салмагы 6 кг 800 грамм болчу. Аны Степное айылына жетпеген жердеги Бутковск жасалма көлмөсүнөн кармагам», - деди ал.

Ирэндин көптөгөн эркек достору бар. Башында аны жолдошу кызганып, балык кармаганы чогуу барчу. Бирок анын кайырмагына балык түшпөгөндүктөн барбай калган.

«Балык уулоо жана мергенчилик чыныгы мырзалардын иши. Мурда эркектер күчтүү болуп, мергенчилик кылып үй-бүлөсүн багышкан. Азыр андай болбой калды. Балык уулоо ден соолукка абдан пайдалуу. Бул иш адамды эс алдырып, организмди калыбына келтирет. Шаардын четинде аба таза, ишканалардан чыккан зыянсыз заттар жок. Өзүм эки жолу инфаркт оорусуна чалдыккам. Ошондо мен үчүн эң негизги дары балык уулоо болгон.

Мага балыктан жасалган тамактар жагат. Досторумдун арасында мен кармаган балыктан тамак жебегендер жок. Мен үчүн балыктын кайсы түрү экени мааниге ээ эмес. Неберелерим гальмана балыгын жакшы көрүшөт. Ал анча чоң эмес жана кылкан дээрлик жокко эсе. Балдарыма жана неберелериме бала кездеринен баштап эле балык кармаганды үйрөттүм. Төрт эркек жана бир кыз неберем бар. Алар да кайырмак таштаганды жакшы көрүшөт. Кээ бирде үй-бүлөбүз менен эс алганы жаратылышка чыгабыз. Бактылуу болуу үчүн акчанын кереги жок. Кайырмагым, көлмө жана жакындарым жанымда болсо жетет», - деди Ирэн.

Анын айтымында, айрым көлмөлөрдө электрдик кайырмактарды колдонушат. Ал суу жандыктары үчүн кооптуу курал. Аталган кайырмактар колдонулгандан кийин балыктар урук чачпай калат.

«Мындай кайырмакты колдонууга тыюу салуу зарыл. Айрым учурларда бүлгүнчүлөр да ушундай куралдарды колдонушат. Бир жолу электрдик кайырмак менен бара жаткан балыкчыны көрүп, көлмөнүн ээсине билдирдим. Алар келип ага айып пул салышкан. Жаратылышка аяр мамиле жасоо абзел. Биз келечек муунга аны өткөрүп беришибиз керек.

Көлмөнүн айланасынын булганышы да көйгөйдү жаратат. Буга көлмөнүн ээси эле эмес эс алуучулар да күнөөлүү. Алар кеткенден кийин желим бөтөлкөлөр жана баштыктар калып, суу булганат. Көпчүлүк учурда кичинекей балдар таштанды таштайт. Бул тарбиянын жоктугун билдирет. Ар бир адам эс алгандан кийин таштандыларды алып кетсе, айлана таза болот.

Урматтуу шаардын жана райондун тургундары, ар бир адамдын таза жаратылышта эс алууга болгон укугун сыйлагыла. Көлмө жалгыз эле силердики эмес, бул жакка эс алганы көп адамдар келишет. Балдарыңарды кичинесинен баштап жаратылышты сүйүүгө жана аны коргоого үйрөткүлө», - деп кайрылды ал.

Ирэн Бичкий онкология, хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө медайым болуп иштеген. Ошондой эле, геологиялык экспедициянын медициналык бөлүмүндө таңуу иштерин аткарган. 1987-жылы ал медицина тармагындагы жумушун токтотуп, Россияда маданият бөлүмүндө эмгектенген. Ал көп жылдар бою хореограф болуп эмгектенген. Анын 11 окуучусу Санкт-Петербург, Красноярск шаарларында бий боюнча сабак беришет. Ал эми бир окуучу кызы цирк тармагында билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 481
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу