Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк Р.Ногойбаев жаа атууда Орто Азия боюнча 2 жолку чемпион болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылынын 43 жаштагы тургуну Рустам Ногойбаев 5 жылдан бери жаа атуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, 5 жыл ичинде Орто Азиянын 2 жолку чемпиону болууга жетишкен.

«Мен 5 жыл мурун жаа атууну хоббим катары көрчүмүн. Эмнегедир жаа аткандардын кыймыл-аракеттери, кийген кийимдери жакчу. Көчмөндөр оюндарына жалаң жаачыларды чакырып «конок болуп кеткиле» дегенинен барып, ошол жерден кызыгуум арткан. Жаа атуу оңой эмес. Мелдешке чыгууга 1-2 ай калганда жумасына балдар болуп чогулуп атаандашып даярдык көрөбүз. Мунун майда түйшүгү көп. Түз туруп, жебени түз кармап, көз курч болушу керек. Мен өзүм 35 метрден 75 метрге чейинки узундукка туруп атам. Ар бир өлкөнүкү ар башкача. Мисалы түрктөр 60-90 метр, казак элиники 50-75 метр, ал эми биздики 35 метрди түзөт.

2015-жылдан бери Чүй облусунун атынан чыгып Көчмөндөр оюндарында жана 4 жылда бир болуучу «Манас» оюндарында биринчиликтерди алып чемипион болдум. Бул биздин улуттук оюндарыбыздын бири. Бул унутулуп калбаш үчүн жаштарга үйрөтүп келебиз. Өзүмдүн эки уулума акырындык менен үйрөтүп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 600
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×