Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Чүй

Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды делген молдо кармалды

Turmush -  Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген молдо кармалды.

АКИpress агенттигине Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 9-сентябрда болжол менен саат 17:30дар чамасында Кайырма айылында 1951-жылы туулган Б.К., аттуу молдо жолдон өтүп бара жаткан 8 жаштагы кызды токтоткон.

«Кыздын айтымында, ал киши аны кысып, денесин кармаган. Жанындагы кыз, ал жерден качып, башкаларды жардамга чакырган», - деп билдиришти милициядан.

Маалым болгондой, кыздын ата-энеси тарабынан арыз түшүп, тиешелүү экспертизадар дайындалган. Биринчи жүргүзүлгөн медициналык кароо боюнча кыздын кыздык белгиси бүтүн экендиги аныкталган, бирок денеси кызаргандыгы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1272
Көп окулду
×