Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Ысык-Атадагы Кызыл-Суу мектебинде корей тили үйрөтүлөт

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кызыл-Суу айылындагы Кызыл-Суу орто мектебинде корей тили өтүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп директору Калия Андашева билдирди.

«Кореяда окуп жана иштеп келгендер корей тилинен сабак өтүшөт. Алар үчүн мектептин бир классын корей кабинети кылып жасап бердик. Мындан сырткары, Билим берүү жана илим министрлиги 2 сыналгы беришти. Ал эми, ата-энелер интернет түйүнүн орнотуу иштерин колго алышты. Ага кеткен акча ай сайын айыл өкмөт тарабынан которулуп турат. Окутуучулар жумасына эки жолу 2 сааттан корей тилин үйрөтүшөт.

WhatsApp Image 2017-08-30 at 14.34.48 (1)

Мектепти 2015-2016-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөргөнбүз. Ошондой эле, арабдардын долбоору аркылуу мектебибизге суу киргизилип, айыл өкмөтү 70 түп ийне жалбырактуу кызыл каргай тигип беришкен», - деди ал.

Аталган мектептин окуучулары былтыркы 2016-2017-окуу жылында билим тармагында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн.

«11-класстын 18 бүтүрүүчүсүнүн 16сы жалпы республикалык тестирлөөдөн 115 упайдан жогору алышты. Алардын ичинен 206 упай менен Роза Аманбекова биринчи болду. Ошондой эле, 9-классты аяктагандардын ичинен 2 окуучу кызыл күбөлүк менен бүттү. Ал эми, район арасында өткөн башталгыч класстардын олимпиадасында математика жана орус тилинен 2-3-орундарга ээ болдук», - деди ал.

Кызыл-Суу орто мектеби 1974-жылы курулган. Анда жалпы 1 миң 450 окуучу билим алып, 59 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 346
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу