Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Мектеп директору К.Андашеваны 11-класстын окуучулары 1-апрелде чоң тамашага салышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кызыл-Суу орто мектебинин директору Калия Андашеваны 11-класстын окуучулары 1-апрель күнү чоӊ тамашага салышкан. Аймактык кабарчы аталган мектеп директору менен таанышты.

«Нурмамбет айылындагы Орток орто мектебин аяктагам. Кыз-келиндер педагогикалык институтун 1984-жылы аяктаган соӊ, 1988-жылга чейин Бишкектеги №3 бала бакчада иштедим. 1988-жылдан баштап Кызыл-Суу орто мектебинде орус класстарына кыргыз тилинен сабак берип келем. 2016-жылы мектеп директору болдум», - деди ал.

Ардактуу мугалим «Эл агартуунун отличниги» наамын 2003-2004-жылдары алган.

«Бизде кызыктуу окуялар ар дайым болуп келет. Бир жолу 1-апрель күнү 11-класстын окуучулары сырттан шашып кирип, аппак автоунаалары менен комиссия келе жатат деп калышты. Кагаздарымды иреттей салып эле, эмгек жамаатым менен чогуу сыртка чыгып чогулуп калдык. Анан эле сыртта турган окуучулар кол чаап, "Куттуктайбыз, 1-апрель майрамыӊыздар менен!" деп калышты. Бир чети ачуубуз келсе, бир чети күлкүбүз келди», - деди ал.

Ардактуу мугалим Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында 1963-жылы 6-сентябрда төрөлгөн.

«Ата-энем айылдык кеӊеште иштешкен. 11 бир тууганмын, бирөөсү өтүп кеткен. Учурда он бир тууганбыз. Эки эркек, бир кызым жана эки келиним бар. Тогуз неберенин балпайган чоӊ энесимин. Улуу неберем 3-класста Казакстанда окуйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 699
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×