Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: 23 жыл эл агартуу тармагында иштеген С.Байдөлөтова эмгек жолун өзүнүн мектебинен баштаган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Бирдик айылынын 43 жаштагы Саматгүл Байдөлөтова 23 жылдан бери эл агартуу тармагында иштеп келет. Ал эмгек жолун өзү окуп бүткөн мектептен баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1994-жылы Бишкектеги педагогикалык колледжди аяктаган соӊ, өзүм окуп кеткен Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек орто мектебинен эмгек жолумду баштагам. Албетте, биздин мектеп орус мектеби болгондуктан ошол кездеги бизге сабак берген мугалимдердин көбү чет өлкөлөргө иштеп кетишкен эле. Анан көпчүлүгүн жаӊы мугалимдер түзгөнбүз. Өзүӊ окуп кеткен мектепке кайра барып иштегенде аябай эле сүрдөйт экенсиӊ. Алгачкы күндөр толкунданып, сүрдөп атып эле өткөн. Ошол убакта билимимди дагы өркүндөтүш үчүн Кыргыз билим берүү академиясына тапшырып койгом. Аны болсо 2012-жылы аяктадым. Аталган мектепте 2 жыл иштеп, андан соӊ ушул эле райондун Бирдик айылына турмушка чыгып кеттим. Эмгек жолумду ал жактагы Кызыл-Милянфан мектебинен уланттым. Ошондо 1996-жылдан бери аталган мектепте иштеп келе жатам.

Негизи бул кесипке келип калуума апамдын салымы чоӊ. Анткени ал дагы мугалим болуп иштеген. Ошентип, талыкпаган эмгектин арты менен 2012-жылы директордун орун басары болуп, кийин 2016-жылы мектеп директору болдум. Кесибим өзүмө жагат. Айрыкча өзүӊ окуткан окуучуларың татыктуу кесип тандап, эл керегине жараган уул-кыздардан болуп чыгышса, ал мен үчүн чоӊ рахат», - деди ал.

Ардактуу мугалим 1974-жылы 17-январда Кант шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу