Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминде дарыгер зордуктоого аракет кылган өспүрүм кыз психикалык жактан жабыр тартты, - апасы

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы 53 жаштагы дарыгер зордуктоого аракет кылган өспүрүм кыз психикалык жактан жабыр тартты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучу кыздын апасы билдирди.

Анын айтымында, 12 жаштагы кыздын абалы учурда начар.

«Тери оорусу менен жабыр тарткан кызымды 4-сентябрь күнү ооруканага жаткырганбыз. Ал 6-сентябрда мага телефон чалып, окуя тууралуу билдирди. Жолдошум экөөбүз дароо ооруканага бардык. Кызым бөлмөдө жалгыз ыйлап жатыптыр. Дарыгер ага түндө ийне сайгандыгын жана андан кийин кыймылдай албай калгандыгын айтты. Андан кийин ыплас иштерди жасап, бөлмөгө кирип-чыгып турган. Биз ошол күнү кызыбызды ооруканадан алып кеттик. Учурда ал психикалык жактан жабыр тартып, коркуп жатат. Дарыгерге карата арыз жазганбыз жана экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Орловка ооруканасынын дарыгери тиешелүү жазасын алат деп ишенем. Анткени, бир дагы эне мындай нерсени көрүп, ыйлабашы керек деди», - кыздын апасы.

Буга чейин Turmush басылмасына Чүй облусунун Кемин районунда 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелгендиги маалымдалган.

Чүй ОИИБден маалым болгондой, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду. Эгер дарыгердин бейтап кызга карата ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталса, ага 129-берене (зордуктоо) боюнча да кылмыш иши козголот.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу кыз 4-сентябрда ооруканага жаткырылган. 5-сентябрь күнү оорукананын дарыгери А.А. 12 жаштагы бейтап кызга ийне сайып, аны зордуктоого аракет кылган. Ал 6-сентябрь күнү эртең менен жакындарына телефон чалып, окуя тууралуу билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 956
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×