Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Жайыл районунда жүк ташуучу унаа менен «Хонда-Фит» кагышып, 3 адам каза болду

Turmush -  Жайыл районунда жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 10-сентябрда саат 06:25тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 203-чакырымында болгон. Анда «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 39-20AAZ) жеңил унаасы менен «Вольво» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 63-70А) оор жүк ташуучу унаасы кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам каза болгон.

ӨКМдин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 377
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу