Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кең-Булуң айылындагы мектепте ачылган математика кабинетине мугалимдин ысымы берилди (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы О.Лайлиева атындагы орто мектебинде математика кабинети ачылып, ага Мырзабек Сүйналиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин жамааты билдиришти.

«Мектеп 1991-жылы курулган. М.Сүйналиев атындагы математика кабинети бекеринен ачылган жок. Агай көп жыл бою мектепте математика мугалими болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Мырзабек агайдын 2 уул, 6 кызы бар. Алар да аталган мектепте окуп, эң жакшы көрсөткүч менен аякташкан. Алар кабинетти оңдоого жана эмеректерди сатып алууга кеткен каражатты колдоп беришти. Оңдоп-түзөө иштери үчүн жалпы 180 миң сом акча каражаты сарпталды. Эмгек жамаатыбыз менен абдан сүйүнүп жатабыз. Анткени, көп жыл эмгеги сиңген мугалимдердин аты өчпөй, ушинтип класстарга алардын ысымынын берилгени мугалимдердин жакшы иштөөсүнө түрткү берет. Айрыкча, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылында мындай иштердин жасалышы чоң мааниге ээ. Мурда авариялык абалда болгон класс заманбап үлгүдө жасалып, бардык эмерек менен камсыз болду», - деп билдиришти мугалимдер.

Кең-Булуң айылындагы О.Лайлиева атындагы орто мектепте жалпы 59 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 702
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×