Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Жаш талант: Суусамырлык А.Чынтемирова ыр жазып, шуурулардан кооз билериктерди жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылынын 14 жаштагы тургуну Алина Чынтемирова 2 жылдан бери ыр жазуу менен алектенет. Ошондой эле, ал шуурулардан ар кандай кооз билериктерди да жасайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, келечекте медицина кызматкери болууну каалайт.

«Ыр жазуудан сырткары кызыктуу китептерди окуган жагат. Бош убактымда волейбол да ойнойм. Ошондой эле, шуурулардан ар түрдүү билериктерди жасоо сүйүктүү иштеримдин бири. 2009-жылы Кадырбек Конушбаев атындагы мектептин босогосун аттап, учурда 9-класста окуп жатам. Сабактардын бардыгын «5» деген баага окуп, көптөгөн мактоо баракчаларын алдым. Келечекте эл керегине жараган медицина кызматкери болгум келет», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү.

Ата-эне

Ата-энем үйдүн куту, чырагы!
Үй-бүлөнүн башаты да, булагы.
Төрөлгөндөн тартып бизди өстүргөн,
Ата-энеге дайым таазим кылалы!

Мен киммин?

Мен киммин?
Мен жөн гана пендемин.
Башкалардай асманда эмес жердемин.
Бул жарыкта эгер кылсам сооп ишти,
Акталат го, даңкталат го,
Бул ааламга келгеним!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу