Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Чүй

Кеминде 53 жаштагы дарыгер өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө.

Чүй ОИИБден маалым болгондой, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду. Эгер дарыгердин бейтап кызга карата ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталса, ага 129-берене (зордуктоо) боюнча да кылмыш иши козголот.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу кыз 4-сентябрда ооруканага жаткырылган. 5-сентябрь күнү оорукананын дарыгери А.А. 12 жаштагы бейтап кызга ийне сайып, аны зордуктоого аракет кылган. Ал 6-сентябрь күнү эртең менен жакындарына телефон чалып, окуя тууралуу билдирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3486
Көп окулду
×