Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Чүй

Айыл турмушу: 66 жаштагы А.Ниязова бөлмөлөр үчүн кооз асма чырактарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 66 жаштагы тургуну Айгүл Ниязова курак курап, ар кандай буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

«Мен өзүм Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-интернатын бүткөм. Кол өнөрчүлүк мага апамдан калган десем жаӊылышпайм. Апамдын атасы чоӊ кол өнөрчү болгон экен. Апам дагы сайма сайып, курак курачу. Азыр интернет желелеринен ар кандай кол өнөрчүлүктү үйрөнүп, баш кийим, сумка жана башка кийимдерди тигем. Учурда ардактуу эс алууга чыкканыма байланыштуу кол өнөрчүлүккө көп убактымды бөлөм. 2015-жылы "Асылзат " кол өнөрчүлөр сынагында биринчи орунду алгам. Учурда асма чырактарды (люстра) да жасап, кездемелердин кээ бирин сатып алсам, айрым учурда тигүү цехтеринен арткан кездемелерди колдоном», - деди ал.

Кол өнөрчү 1993-жылдары Токмокто жеке ишканаларда эсепчи болуп иштеген.

«Мектепти бүткөн соӊ университетке өтпөй калып, айылга кайра баргандан уялып, №20 кесиптик окуу жайды аяктагам. Ал жакта окуп жүрүп, тикмечи кыздарды карай берип, тигип-бычкандын жаӊы ыкмаларын үйрөнгөм. 1993-жылы Токмоктогу жеке ишканаларда эсепчи болуп иштедим», - деди ал.

Айгүл Ниязованын учурда 4 баласы, 15 небереси бар. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жалгыз-Өрүк айылында 1951-жылы төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2714
Көп окулду
×