Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Суусамырлык А.Аскаровдун тайпасы Казакстандагы көк бөрүдө 5 млн теңге утуп алышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылынын 24 жаштагы тургуну Аскат Аскаров 5 жылдан бери көк бөрүдө ойноп, мелдештерге катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул жылдын август айында өткөн көк бөрү боюнча мелдеште «Казакстан-Кыргызстан» курама тайпасында ойноп, 5 млн теңге утуп алышкан.

«Мен 5 жылдан бери көк бөрү боюнча оюндарга катышып, бир катар сыйлыктарды алдым. Бала кезимден бери жылкыга жакын болуп, эс тарткандан баштап ат жалында ойноп келем. Биздин ата-бабаларыбыз атка өзгөчө маани беришкен. Ошондуктан ар бир кыргыз жигити ат мингенди билиши керек деп ойлойм.

27-августта өткөн мелдеште "Кыргызстан-Казакстан" курама тайпасында ойноп, 5 млн теңге жана Сокулукта өткөн мелдеште баш байгени жеңип алганыбыз быйылкы жылдагы жетишкендиктерим болду», - деди ал.

Ал Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде билим алган. Учурда үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 898
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×