Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 36 жаштагы Г.Дүйшекеева бөбөктөр үчүн түрдүү оюнчуктарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Дүйшекеева Гүлжан кол өнөрчүлүк менен 10 жылдан бери алектенип келет. Аймактык кабарчы токмоктук кол өнөрчүнүн эмгектерин көрүп келди.

«Кол өнөрчүлүк менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келем. Мен кол өнөрчүлүктү чоӊ энемден үйрөнгөм. Ал абдан иштүү болчу. Кичинекей кезимде жанына отургузуп алып, ар кандай буюмдарды тиктирип үйрөтчү. Ошол убакта эле шырдак, ала кийиздерди жасаганды да үйрөткөн. Кийин мектепти бүткөндө Кеӊ-Булуӊ айылындагы Апаркүл деген кол өнөрчү эжемден да кошумча үйрөндүм. Мен учурда сумкаларды, баш кийимдерди, оюнчуктарды жана башка көптөгөн буюмдарды жасайм. Ар түрдүү образды чагылдырган тоголок оюнчуктарды күнүнө экиден жасап бүтөм. Андан башка балдарга байпак токуйм.

Азыркы учурда Токмок шаарында жашайм жана Кеӊ-Булуӊ айылындагы цехке күн сайын барып-келип иштейм. Кийиз менен иштегенди түшүнгөн, дитин койгон гана киши иштей алат. Жаӊы иштеп келгендерге жасаган ишиӊ көңүлүңө, маанайыӊа көз каранды деп айтабыз. Жакшы маанай менен жасасаӊ, колуӊдан жакшы буюмдар чыгат», - деди ал.

Токмоктук кол өнөрчү үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

«Мен мектепти аяктагандан кийин Токмок индустриалдык-педагогикалык техникумун бүтүргөм. Өзүм Чүй районуна караштуу Арпа-Тектир айылында 1981-жылы төрөлгөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×