Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 20 жаштагы флорист Я.Егорова майрамдык иш-чараларда үй-бүлөсү менен бирге иштейт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын 20 жаштагы тургуну Яна Егорова 11-классты аяктагандан кийин флорист болууну пландаган. Анын бул тармакты тандап алуусуна көркөмдүк менен кооздолгон мектептин концерттик залы түрткү берген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биздин бүтүрүү кечебизде мектептин залын кооз буюмдар, шарлар менен укмуштуудай кылып кооздоп коюшуптур. Мен аларды көрүп, флорист болууну чечтим. Ошентип бул жаатта аракет көрө баштадым. Алгач досторум, тааныштарым буйрутма беришти. Менин эмгектерим аларга, келген конокторго абдан жагып, кардарларым көбөйө баштады. Бул негизи менин кошумча кирешем. Буйрутмаларды 200 сомдон 1500 сомго чейин алам. Менин бул ишимди үй-бүлөм да колдоп, баарыбыз чогуу иштеп келебиз. Керектелүүчү каражаттарды болсо Казакстандан алдыртам», - деди ал.

Яна Егорова 1997-жылы Сокулук районундагы Шопоков шаарында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×