Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: Токмоктук Тимур бир ырды 15 миң сомго чейин аранжировкалайт (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Токмок шаарынын 22 жаштагы тургуну Токтогул уулу Тимур бир ырды 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин аранжировкалайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен кичинекей кезимден бери музыкага өтө кызыгам. Эсимде, 1-класска баргандан тарта мектептердеги ар кандай иш-чараларга катышчумун. 7-класста окуп жатканда компьютерден аранжировканы үйрөнүп баштадым. Жогорку окуу жайда 2-курста окуп жүргөн кезимде аранжировканы мыкты деңгээлде жазап калдым. Кийинчерээк жаӊы өсүп келе жаткан ырчылардын көбү менен иштештим. 

Бизде чыгармачыл инсандар менен көп кызыктуу окуя болот. Жакында эле болуп өткөн окуяны айтайын. Мага өткөндө дос балам ырына үн түшүргөнү келген. Көптөн бери ырдабай жүрүп, үнү жакшы чыкпай калыптыр. Жаздыралы десек үнү жетпей, такыр окшошпой койду. Акыры эми бир жолу деп ырдатсам, үнү ачылып жакшы ырдап калды. Бирок мен ошол кезде жаздырууну унутуп, техникамды баспай калыптырмын. Кайра ырдаталы десем микрофон иштебей калды. Экөөбүз теӊ көпкө күлдүк», - деди ал.

Токмоктук жаш талант бир айда 5-6 ырды аранжировкалаганга жетишет.

«Менин жаздырып берген ырларымдын баасы ар кандай. Жардам бериӊиз дегендерге арзан кылып беребиз. Болжол менен 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот. Келечекте Бишкек шаарынын так ортосунан имарат алып, чоӊ музыкалык студия ачсам деген максаттарым бар. Видеолорду монтаждоого да кызыгам.

Мен Токмок шаарындагы №8 орто мектебин аяктап, 2013-жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алып баштагам. Быйыл буюрса диплом алам деп турам», - деди ал.

Ал 4 бир туугандын эӊ кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 821
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×