Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 08.09.2017 16:07

Сары-Өзөндүн таланттары Оштун элине өнөрлөрүн тартуулап жатышат (фото)

Turmush -  Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Чүй облусунун маданият күндөрү ордолуу Ош шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

«Сары-Өзөндүн ар кыл таланттары кечээ, 7-сентябрда Ош шаарынын элине учтан түпкө уланган ыр-күлкү тартуулады. Концерттик программа 2 саат 20 мүнөткө созулуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми бүгүн, 8-сентябрда Ш.Терменчиков атындагы облустук театрдын чыгармачыл жамааты Ош шаарынын драма театрында драматург Бурул Калчабаеванын “Бөрү заман” драмасын коюп жатат. Драмада Үркүнгө кабылган үй-бүлөнүн башынан өткөн окуялар аркылуу Кытайга качкан жалпы эле кыргыздардын оор тагдыры чагылдырылган. Драманын эӊ негизги өзөгүн өз жеринде да, Кытай жергесинде да бөрү заманга туш болгон карапайым адамдардын тагдыры, оор күндөрдө колдо барын теӊ бөлүшкөн адамгерчилиги, күйүмдүүлүгү жана ыймандуулугу түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чарага Чүй облусунун 70 таланттуу инсандары жана жетекчилер катышууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×