Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Панфилов районунда 17 жаштагы Н.Калыгулов изделип жатат

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов РИИБдин кызматкерлери Эфиронос айылынын Чыгыш көчөсүндөгү №1 үйдө жашап жаткан Калыгулов Нурдан Камчыбековичти издеп жатат. Ал 2000-жылы 26-июлда төрөлгөн.

1403513.1.1504781709

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал 3-сентябрда саат 10:00 чамасында Панфилов айылынын Осмонов көчөсүндөгү №68 үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 170 см, арыкчырай, чачы күрөң, патология менен оң колунун сөөмөйү 30% жок.

Кийген кийимдери: «Адидас» деген жазуусу бар кара түстөгү футболка, кызыл түстөгү чолок шым, көк түстөгү жайкы бут кийим.

Калыгулов Нурдандын жүргөн жерин билгендер Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Панфилов РИИБге (0312) 60-79-89, (0312) 7-5-12-79, 0700 93 77 83 телефон номурлары аркылуу кабарлай алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 609
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×