Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Кара-балталык К.Кадырбаев  «Эл ырчысы» сынагында баш байгени жеңип, 50 миң сом менен сыйланды

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Кенжебек Кадырбаев «Эл ырчысы» сынагына катышып, баш байгени жеңип алды.

Маалым болгондой, сынакка мурда чоң сахнага чыкпаган эл арасындагы таланттар катышып, анда 16 катышуучу финалга жолдомо алган. 3-сентябрда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы филармонияда сынактын финалы болду.

Кенжебек Кадырбаев Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкери. Ал бала кезинен баштап ырдоого кызыгат. Сынакта эстрада жана опера ырчысы Муслим Магомаевге таандык «Синяя вечность» чыгармасын аткарып, баш байгенин ээси болуу менен 50 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

«Советтик эстрада жана опера ырчысы М.Магомаев менин сүйүктүү аткаруучуларымдын бири. Ошондуктан анын чыгармасын аткардым. Сынакка даярдануу учурунда Самат Абилов аттуу досум колдоо көрсөтүп, музыка тандоомо жардам берди. Мен бардык жакындарыма жана ар дайым мага күч-кубат берген кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Ал эми, утуп алган акчамды өзүмдүн керектөөлөрүмө жумшайм.

Эми аталган сынактын супер финалына даярданып баштайм. Ага 10 сезондун жеңүүчүлөрү жана 1-2-3-орунду алгандар катышып, байгеге коюлган «Porsche Cayenne» үлгүсүндөгү автоунаа үчүн күч сынашат», - деди ал.

«Эл ырчысы» сынагы Каниет Жыргалбековдун продюсердик борбору тарабынан уюштурулат. Сынактын жыйынтыктоочу этабын кийинки жылдын жаз мезгилинде өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 898
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×