Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Ысык-аталык Э.Токтоналиева бөбөктөр үчүн түрдүү оюнчуктарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 31 жаштагы тургуну Элиза Токтоналиева 5 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал үйүндөгү кийим тигүүчү машинасы менен ар түрдүү буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

«Мен Ысык-Атадагы кол өнөрчүлөр бирикмесине 5 жыл мурун кошулгам. Ошол жерден көп нерсени үйрөндүм. Ал жактан наристелер жана өспүрүмдөр үчүн табигый таза оюнчуктарды, гүлдөрдү жасап, баш кийимдерди тигем. Ал эми үйдөн өз алдымча кийим тигүүчү машина менен көп иш жасайм. Курак дагы курай алам. Бир күндө 3-4 оюнчук, 2-3 баш кийим тиккенге үлгүрөм. Өзүмдүн билимим орто. Кудай буюрса кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, аны чет өлкөгө таанытсам деген тилектерим бар», - деди ал.

Элиза айым үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 739
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×