Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

«Өзгөчө тойлор»: Ж.Момокулов 50 жылдыгында үй-бүлөсү менен көрсөткөн флешмоб конокторду таң калтырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылынын тургуну Момокулов Жакыпбек 50 жылдык мааракесин чоң ресторандардын биринде өткөрүп, үй-бүлөсү менен өзгөчө флешмоб көрсөттү. Өзгөчө өткөн той тууралуу аймактык кабарчыга анын уулу Бактияр Момокулов айтып берди.

«Биздин атабыздын тою мындан 2 жыл мурун белгиленген. Ырчылар, бийчилер жана алып баруучу тойдун көркүн ачып, ар кандай оюн-зооктор менен келген коноктордун бүйүрүн кызытып жатышты. Бирок эң кызыгы биз үй-бүлөбүз менен даярдаган флешмоб болду окшойт. Баары абдан кубануу жана суктануу менен карап, ыраазы болуп жатышты. Ал флешмоб тойго бир күн калганда 15 мүнөттө эле даярдалган», - деди ал.

Бактияр тойго 180 адам күбө болуп, дасторкон өз берекесин берип, атасынын 50 жылдыгы ойдогудай өткөнүн белгиледи.

Тойдун ээси Момокулов Жакыпбек 1964-жылы Сокулук районунун Белек айылында жарык дүйнөгө келген. Жубайы экөө 3 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3899
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу