Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Чүй

Фото - Беловодск айылында мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы жолдун боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча Мамэкотехинспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө Москва районунун Беловодск айылындагы жолдун боюнда жайгашкан курулуштар, дүкөндөр мыйзамсыз жайгашкандыгы аныкталды. Жеринде адистер курулуштардын мыйзамсыздыгын тактап, инспекторлор жана тийиштүү мекемелердин адистери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары, Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү актыларды толтуруп, мыйзамсыз курулуштарды алдыруу тууралуу бир айлык эскертүү берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1584
Көп окулду
×