Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 06.09.2017 17:37

Чүйдөгү маданият кызматкерлери Ошко ыр-күлкү тартуулашат

Turmush -  Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Чүй облусунун маданият күндөрү 7-8-сентябрда ордолуу Ош шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

«Берекеси артылган Сары-Өзөндүн ар кыл таланттуу инсандары 7-сентябрда Ош шаарынын элине учтан түпкө уланган ыр-күлкү, оюн-зоок тартуулашса, Чүй облустук Ш.Терменчиков атындагы театрдын кызматкерлери 8-сентябрда өз өнөрлөрүн тартуулап, "Бөрү заман" спектаклин ойношот», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×