Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: 12 жашында «Мыкты чабуулчу» наамын алган Б.Момокулов чет өлкөдөгү мелдештерге катышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын 22 жаштагы тургуну Бактияр Момокулов 9 жашынан бери футбол ойноп келет. Ал 12 жашында «Мыкты чабуулчу» наамын жеңип алган. Аймактык кабарчы шопоковдук спортчу менен таанышты.

«Мен Шопоков №2 мектеп-гимназиясын 2012-жылы аяктап, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиядан билим алгам. Аны 2016-жылы аяктадым. Футбол менен 9 жашымдан бери машыгып келе жатам. Ошондон бери райондук, облустук жана республикалык мелдештерге калбай катышып келем. Бир топ ийгиликтерге жетишип, ардак баракчаларды алдым», - деди ал.

Жаш спортчу ушул жылдын кыш айларында эки өлкөгө барып, футболдук мелдешке катышып келди.

«Өзбекстандагы мелдешке Кыргызстандын курама командасы менен барып келгем. Быйыл кышында Түркияга жана Бангладешке барып келдик. Ал жактан 8 команданын ичинен 4-орунду багындырдык. 16 жашымда Чүй облусунан куралган курама команда менен президенттин кубогун жеңип алдык. Ошондой эле, жакында биринчи жолу уюштурулган төө жарыш оюнуна катыштым. Бул оюн да абдан кызыктуу экен», - деди ал.

Жаш спортчу Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында 1995-жылы төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу