Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: 22 жаштагы саяпкер К.Сейитбеков бүркүт таптоонун сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Асылбаш айылынын 22 жаштагы тургуну Кайрат Сейитбеков бир жылдан бери бүркүт таптап келет. Ал аймактык кабарчыга бүркүт таптоонун сырларын айтып берди.

«Мен бүркүт таптоону ысык-көлдүк Эсен аттуу саяпкер атадан үйрөнгөм. Бүркүт таптоо үчүн алгач дээриңде бир нерсе болушу керек. Ошондой эле, коркпошуң керек. Корксоң бүркүт таптабай койгон оң. Ал адамдын коркуп жатканын сезет. Бүркүт мергенчиликке да жакшы, ит жетпеген жактарга билинбей барып, көргөн олжосун басып жыгылат. Мыкчыган нерсесин оңой менен кое бербейт. Бир кесим этти көрсөтүп, бутундагысын бошотуп алабыз», - деди ал.

Сокулуктук мүнүшкөр бүркүткө күндө көңүл буруп турбаса, ал кайра эле жапайы болуп кетерин айтты.

«Ат таптагандай күндө көңүл буруш керек. Болбосо жапайы болуп, адамга кол салат. Жаңы келгенде да кол салып, жада калса көздү чукуп салышы мүмкүн. Көпкө чейин ачка койсоң адамга баш берип калат. Ошентип өзүңө көндүрүп аласың. Кудай буюрса, бүркүт менен өлкөдө болгон мелдештерге катышам деген тилектерим бар», - деди ал.

Кайрат 1994-жылы Сокулук районунун Асылбаш айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу