Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 9 жашында автоунаа айдаган Б.Абдразаков учурда унаанын бардык тетиктерин жасайт (фото)

Turmush -  Кемин районунун 21 жаштагы тургуну Бексултан Абдразаков кичинесинен автоунааларга, техникага кызыгат. Эң биринчи жолу 12 жаш курагында ЗИЛ-130 унаасын атасы менен биргеликте оңдогон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бексултан 1996-жылы Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн. 2003-жылы А.Койгелдиев атындагы орто мектебине кирип, аны 2014-жылы аяктаган.

«Чоң окуу жайда окуган эмесмин. Кичинекей кезимден бери унааларга, техникага өтө жакын болгондуктан, ушул тармак менен алек болууну чечтим. 9 жашымда унаа айдаганды үйрөнгөм, бирок мага унаа эмес, анын моторун караган кызык болчу. Кээ бирөөлөр унаа жасап жатканын көрсөм, кеч болуп кетсе да карап отура берчүмүн. 12 жашымда агам ЗИЛ-130 унаасынын моторун жасап жатканда аны карап отуруп, эмнеси кайсы жерде жайгашканын жаттап калган элем. Бир күнү агам иштери менен бир жерге кетти. Атам экөөбүз ошол унааны толугу менен чогултуп чыкканбыз. Ошол күндөн тарта унааларга кызыгып, оңдоп келем. Борборубуз Бишкек шаарында да иштеп келгем.

Мага унаалардын мотору кызык, бирок бир техниканы эле билип отура бербестен бардык тетиктерди жасаганды үйрөндүм. Техниканы оңдоо оңой эмес, эстеп калуу керек, терең ойлонуп, сабырдуу болуу зарыл. Мага көп жерден келип унааларын оңдотушат. Колумдан келген жардамымды берем. Азыркы учурда жардамчым бар, аты Улан, 3 айдан бери үйрөнүп жатат. Кызыгып, көп нерсени үйрөнүп жасап калды», - деди ал.

Бексултан келечекте автосервис ачуу кыялы бар экенин да кошумчалады.

«Келечекте пландарым көп. Автосервис ачып иштетип, кызыккан балдарды үйрөтүп, иш менен камсыз кылгым келет. Өзүңө каалаган жакшылыктарды башкаларга жүз эсе кааласаң кандай сонун. Ушул тилегиме жетем деген ойдомун. Мындан тышкары Lamborghini Aventador автоунаасын жасагым келет», - деди ал.

Абдразаков Бексултан үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Атасы Абрдазаков Руслан — фермер, апасы Абрдазакова Жамал жашылча-жемиштер боюнча долбоор менен эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 906
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×