Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндө 15 коён тирүүлөй күйүп кетти

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 40 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 42 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндө Чоң Чүй каналынын жээгинде «Форд Сиерра» үлгүсүндөгү унаа жана 60 чарчы метр куураган чөп өрттөндү.

Ошондой эле, Чүйдөгү Аламүдүн районунун Маевка айылынын Набережная көчөсүндөгү чарба толугу менен күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен 180 чарчы метр чатыры, ичиндеги 600 кг көмүр, 2 куб метр отун, 2 газ баллон жана 15 коён тирүүлөй күйдү. Адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 74 адам окуп жатат)
×