Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 56 жаштагы З.Жуманов Кыргызстанда сейрек кездешкен инжир жана анар бактарын өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 56 жаштагы тургуну Закиржон Жуманов бакчасында Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жемиш бактарын өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

Ал 1961-жылы Өзбекстанда төрөлгөн. Бала кезинен эле атасынан инжирдин, жүзүмдүн жана анардын ден соолукка пайдалуу экенин угуп, аталган жемиштерди өстүрүүнү жана аларга кам көрүүнү үйрөнгөн. Закиржон акыркы 15 жылдан бери үй-бүлөсү менен Кыргызстанда жашап, жакшы көргөн жемиштерин өстүрүп жатат. Ал көп жылдар бою айдоочу болуп иштеген. Ал эми багбанчылык анын жакшы көргөн жана кызыккан иши.

«Мен алгач инжир багын неберелерим үчүн тиктим. Кыргызстанга Өзбекстандан инжир алып келишпейт. Себеби, бул жемиш тез эле бузулуп кетет. Ал кулпунайдан да тез бузулат. Мөмөнү бактан үзүп алгандан кийин бир нече сааттын аралыгында жебесе жарабай калат. Мындан беш жыл мурун күз мезгилинде Өзбекстандан инжирдин бутагын алып келип, эрте жазда бакчага тигип, ага кам көрө баштадым. Атам мага бак жакшы өсүүсү үчүн аны бутаганды үйрөткөн.

Кара-Балта шаарында инжир жана анар өстүрүшөт деп уккам. Бирок алар бөлмөдө өсүүчү бактар болгондуктан түшүмдү аз беришет. Мен жылына анардан бир жолу, ал эми инжирден эки жолу түшүм алам. Инжир такыр гүлдөбөйт, бутактарына дароо эле мөмө байлайт. Инжирдин түшүмү Өзбекстанда үч жолу, Индияда төрт мезгилде тең жыйналат», - деди ал.

Багбан Кыргызстанда сейрек кездешкен жемиш бактарын чакан күнөсканада өстүрөт.

«Жашылчалар менен кышында эч кимди таң калтыра албайсың, алар жылдын төрт мезгилинде тең базарларда сатылат. Ошондуктан инжир жана анар өстүрүүнү чечтим. Учурда бакчада 45 түп анар жана 15 түп инжир өсөт. Кыргызстанда анарды өстүрүүнү бардыгы эле билишет. Ал эми, инжирге көпчүлүк адамдар кызыгышат. Бул өзгөчө жемиш жүрөк, боор жана башка көптөгөн ооруларды айыктырууга жардам берет. Анын жалбырагынан жасалган шире да дарылык касиетке ээ. Куранда алгачкы адамдар Адам ата жана Обо эне инжирдин жалбырагын колдонушканы жазылган. Кайталангыс даамга ээ болгон жемишти жегенден мурда аны бир аз эзүү керек. Ошондо ал андан да ширелүү болот», - деди ал.

Анар сентябрь айынын аягында бышса, бул мезгилде инжир экинчи түшүмүн берет. Багбан түшүмдү жакынкы күндөрү чогултууга даярданып жатат. Жемиштер балдарына, неберелерине, туугандарына жана кошуналарына берилип, андан артканынан кыям жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1040
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×