Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Азия мыктысы аталган Н.Койчукеев көк бөрүгө окуучу кезинен тарта байланган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн 29 жаштагы тургуну Нурмамбет Койчукеев 11-классынан тарта көк бөрү оюнуна катышып келет. Ал 2013-жылы «Мыкты оюнчу» наамын жеӊип алган. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

«Мен Суусамыр өрөөнүндө 1988-жылы төрөлгөм. Бала кезим ушул Суусамыр айылында өттү. Аталган айылдагы Биринчи май орто мектебинен билим алып чыктым. Ал эми көк бөрүгө 11-класстан бери катышып келем. Өзүмдүн бир тууган агам Мухаммед Койчукеев мыкты улакчы. Анын арты менен бул оюнга менин да кызыгуум артты.

Бир катар мелдештерге чыгып, көптөгөн байгелерди утуп жатабыз. Президенттин кубогун жеӊип алып, 2013-жылы Азия чемпиондугунда «Мыкты оюнчу» наамын алдым. Жакында Сокулукта өткөн республикалык мелдеште 1-орунду утуп, байгеге боз үй алдык», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө 5 бир тууган.

«Учурда бойдокмун. Кудай буюрса жакын арада үй-бүлө куруу максатым бар», - деп кошумчалады. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 875
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×