Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Чүй

Көк-Жар айыл аймагында алгачкы жолу кичи футбол аянтчасы курулду (фото)

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында биринчи жолу кичи футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл аймактын башчысы Эмил Чакибаев билдирди.

«Ушул жылдын 12-июнунда курулуш иши башталып, окуу жылдын башталышы менен ачылышын жасадык. Мурда мындай спорт аянтчалар бул аймакта жок болчу. Бул алгачкы жасалган спорт аянтчага кеткен каражат толугу менен жергиликтүү бюджеттен каралды», - деди ал.

Аталган футбол аянтчасына 5 млн сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1206
Көп окулду
×