Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Чүй

Видео - Генерал А.Чотбаев катышкан кырсыктан 2 адам каза болду, жабыркагандардын кичүүсү 13 жашта

Turmush -  Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, генерал Абдыгул Чотбаевдин катышуусундагы жол транспорт кырсыгынан 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркады.

Маалыматта айтылгандай, 2-сентябрда саат 18:00 чамасында Бишкек—Торугарт жолунда келе жаткан «Мазда 626» үлгүсүндөгү унаа трассага 40 чакырым жетпей «Тойота Ленд Крузер» менен кагышкан. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи командачысы А.Чотбаев экинчи унаада болчу.

А.Чотбаев

Жабырлануучулардын болжолдуу тизмеси:

- 1958-жылы туулган генерал А.Чотбаев, Лебединовка айылынын тургуну;

- 1958-жылы туулган К.Жумагүл;

- 1957-жылы туулган У.Замира;

- 1959-жылы туулган О.Гүлмира;

- 1992-жылы туулган М. уулу Каныбек;

- 13 жаштагы өспүрүм кыз (азырынча аты-жөнү тактала элек).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4991
Көп окулду
×