Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - Сокулукта 2,5 млн сом жана 9 боз үй байге коюлган чоң масштабдагы улуттук оюндар башталды

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Чүйдүн Сокулук районунда улуттук ат оюндар боюнча чоң масштабдагы спорттук мелдештер башталды. Иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Курман айтка карата демилгеленген.

Кыргыз улуттук оюндарын колдоо жана жайылтуу максатындагы иш-чарада камчыга сап жигиттер улуттук оюндардын жыйырмага жакын түрүнөн күч сынашат. Алдыга оозуп чыккандар үчүн чоң белектер даярдалган.  

Майрамдык иш-чарага жеринде күбө болуп жаткан Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, баш байгеге 9 ак боз үй (85 баш) коюлду. Ошондой эле, оюнчуларга үй куруу үчүн 2,5 млн сомдук сертификаттар ыйгарылат. Ат оюндарында мыкты чеберчиликтерин көрсөтө алган жигиттерге да боз үй, ат, төө сыяктуу белектер даярдалды.  

Майрамда 100 боз үй тигилип, 20 миңге жакын конок жана 3,5 миң спортчу катышат деп күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1008
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×