Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Панфиловдук ишкерге кол салган адамды уулу атып өлтүрдү (толукталды)

Turmush -  Чүй облусундагы Панфилов районунда жергиликтүү ишкерге куралдуу кол салуу болду. Turmush басылмасына белгилүү болгон маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 1-сентябрда жеке ишкердин үйүндө болгон.

Үйдүн короосуна кирген белгисиз адам (эркек киши) ишкерге ок катуучу курал такап турганын анын уулу терезеден көргөн. Атасына жардам берүү максатында үйдөн курал алып чыккан уулу кол салган адамга ок аткан. Бирок кол салган адам дагы үй ээси — ишкерге ок чыгарууга жетишкен. Анын кесепетинен ишкер оор жаракат менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилсе, кол салган адам ошол жерде каза болгон.

Кийинчерээк Turmush басылмасына Чүй ОИИБдин берген маалыматына караганда, 1-сентябрда саат 17:30 чамасында Панфилов айылынын 1950-жылы туулган тургуну С.Н.дин үйүнө Сокулук районунун 1986-жылы туулган тургуну С.А. ууруга кирген. Ал үй ээси короодо жүргөнүн көрүп, мылтык менен курсакка атып жиберген. Ошол учурда үй ээсинин 1975-жылы туулган уулу сыналгы көрүп отурган жеринен мылтыктын үнүн угуп, үйүндөгү мылтыгын алып чыгып, уурулукка кирген С.А.ны аткан. Ал ошол жерден каза болгон. Ишкердин уулу Кара-Балта шаарынын тургуну.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренелер менен (адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) козголгон ишти тергөө улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12091
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×