Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Арчалы айылында Курман айтка 13 кой, 5 бодо мал союлду (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагына караштуу Арчалы айылында Курман айт майрамына карата 13 кой, 5 бодо мал курмандыкка чалынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын имамы Нурмат Мусаев билдирди.

«Айылдын демөөрчүлөрү тарабынан 5 уй жана 13 кой курман айтка карата союлуп жатат. Курмандыкка чалынган малдын эттери Байтик айыл аймагына караштуу 6 айылдын элине жана андан артканы Аламүдүн районундагы, Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат», - деди ал.

Айылдын имамы элди Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана ыйман каалады.

WhatsApp Image 2017-09-01 at 12.50.10

WhatsApp Image 2017-09-01 at 12.50.02

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 488
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу