Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: 46 жаштагы Э.Сейитбаев жасалма уруктандыруу менен уйлардын тукумун көбөйтүп жатат (фото)

Turmush -  Кемин районунун 46 жаштагы тургуну фермер Эрнис Сейитбаев багбанчылык жана мал чарбачылыкты мыкты өздөштүрүп, жасалма уруктандыруу жолу менен уйлардын тукумун өзгөртүп жатат. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

«Мен 1971-жылы Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында төрөлгөм. 1993-1994-жылдардан бери жер иштетүү менен алектенем. 1997-жылдан тарта айыл чарба техникасын сатып ала баштадым. Учурда чөп таңгактоочу, эгин сепкич, комбайн, МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактор жана майда шаймандардын бардыгы бар. Чөп чабык учурунда жыл сайын Ысык-Көлдөн трактор, комбайн айдаган кишилерди чакырып, айылдаштарыма да колдоо көрсөткөнгө аракет кылам. Элита сортундагы арпаны 40 гектар жерге, 20 гектарга буудай, 10 гектарга беде, 3-4 гектар жерге кызылча сээп, түшүм ала баштадым», - деди ал.

Фермер аттарды кармап, кичинесинен бери улак тартышка бөтөнчө кызыгат.

«Улак тартышка эс тарткандан бери эле кызыгам. Жылкыларды да жакшы көрүп, үйдө кыргыз тукумундагы 1 айгыр, жылкылар жана 10 бээ кармайм. Аттарды көк бөрү оюндарына көп минишет. Уйлардын швиц, америкалык тукумдагы семента деген эт жана сүт багытындагы түрлөрүн кармап, жасалма уруктандыруу менен тукум өзгөртөбүз. Бул иш менен 4 жылдан бери алектенип келем. Учурда 5 уйду, ошондой эле жылына 5 музоону жасалма уруктандыруу жолу менен тукумун өзгөртүп жатам. Ал музоолорду базарга чыгарбайм, айыл тургундары сатып алат», - деди фермер.

Эрнис Сейитбаев жогорку окуу жайын аяктаган. Кесиби — мугалим. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу