Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Жаңы-Алыш айылында майрамга карата футбол боюнча турнир өттү (фото)

Turmush -  Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына арналган иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чараны айыл өкмөтүнүн жетекчиси Абдрашит Сатаев жана айыл аксакалдары кутуктоо сөзү менен ачышты. Майрамдык иш-чарага жалпысынан 200дөн ашык адам күбө болуп, аларга концерттик программа тартууланып, дасторкон даярдалды.

Айыл тургуну З.Сатаевдин демилгеси менен жылкы союлуп, футбол боюнча турнир уюштурулду. Турнирдин байге фондусу 50 миң сомду түзүп, ага 6 команда катышты. Байгеге коюлган акчанын 35 миң сомун демөөрчү каржыласа, 15 миң сом айылдык бюджеттен бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу