Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминде Эгемендүүлүк күнү 76 милиция кызматкери коомдук тартипке көз салып жатат

Turmush -  Бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк күнгө карата Кемин району боюнча 76 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициянын подполковниги Абдырахманов Эркинбек билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кемин району боюнча 76 милиция кызматкери коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүп жатат. Майрамда эч кандай чыр-чатак, коомдук тартип бузуулар болгон жок. Ал эми, 1-сентябрь билим күнүндө болсо 29 мектеп, 33 мечиттеги тартипти ушул эле кызматкерлер көзөмөлдөйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 617
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×