Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: 34 жаштагы Н.Немченко көгүчкөндүн түрлөрүн багып жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдовар айылынын тургуну Николай Немченко көгүчкөндүн ар кандай түрүн багат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

7b44147b0921b7871091995bfca1be19_0_500_0

Өзүнүн айтымында, бул иш анын үй-бүлөсүндө муундан-муунга өткөрүлүп келген. Анын чоң атасы жана атасы да көгүчкөн багышкан. Учурда ал павлин, бакинцтер тукумундагы көгүчкөндөргө кам көрөт.

«Ар бир көгүчкөн багуучунун өзүнө жаккан түрү болот. Мага көбүнчө үйлөнүү тойлорунда учурулуучу ак жана кооз көгүчкөндөр жагат. Алар назик болгонуна карабастан адамга күч-кубат берет. Ошондой эле, асманга учканда ар түрдүү чийимдерди сызган көгүчкөндөрдү жакшы көрөм. Бул көгүчкөндөрдүн ар биринин өздөрүнө тиешелүү кол жазмалары бар.

Көгүчкөндөрдү күнүнө 1-2 жолу эртең менен жана кечинде машыктырууга аракет кылам. Жай мезгилинде ителги сыяктуу куштар аларды жеп кетет. Ошондуктан көпчүлүк адамдар көгүчкөндөрүн капаста кармоого аракет кылышат. Бирок көгүчкөн эркиндикти сүйгөн куш болгондуктан аны асманга кое берүү керек.

Павлин, бакинцтер тукумундагы көгүчкөндөрдү багуу оор. Аларга убагы менен жем, суу берип, капасын кышкысын жылуу, жайкысын салкын кормоо зарыл. Жаңы куш сатып келгенде ал оорулуу болуп калса оору башкаларга да жугуп, көйгөй жаралат. Негизинен канаттууларды багуу оңой эмес. Бирок алардын сулуулугуна, кооздугуна суктанып бүтө албайсың. Учурда бир нече жаш көгүчкөндөрдү багып жатам. Алар асманга учуп, үйлөрдүн чатырын айланышат», - деди ал.

8b629a67df60d11a6e23ea27283f203b_500_0_0

Николай көгүчкөндөрүн сатпайт. Куштарды багуу анын жөн гана кызыккан иши. Куш багуучунун үй-бүлөсү аны колдоп, жубайы Елена көгүчкөндөр ооруп калганда көмөктөшөт.

«Совет мезгилинде көгүчкөн багуу абдан белгилүү иштердин бири болчу. Ошол учурларда элет жеринде жашаган балдардан баштап улуу адамдарга чейин көгүчкөндөргө кызыгышчу. Куштар асманга учканда биз аларга суктануу менен көз салчубуз. Мен азыр деле алар асманга учканда ошол мезгилдегидей кубаныч, сүйүнүч менен карайм», - деди жубайы Елена.

3889b4a20fe73a7091fe35bdbb0c3a06_500_0_0

Н.Немченко учурда бул ишке кызыккандар азайып калганын айтты.

«Карыялар бул иш менен алектенбей калды. Ал эми жаштар куштарды багууга кызыгышат. Мен көгүчкөндөрдү акча үчүн эмес, кызыкчылык үчүн багууну каалайм. Азыркы мезгилде чымчыктарды эч ким бекер бербейт. Бул канаттуу миң сомдон кем болбойт. Мисалы, Бишкекте жогорудагы айтылган тукумдагы көгүчкөндөрдүн баасы 100 доллардан башталат. Мурда менин 40-50дөй көгүчкөнүм бар болчу, азыр алардын саны кыскарды. Куштарды багуу бир топ акча каражатын талап кылат. Бир көгүчкөн күнүгө 40 грамм жем жейт. Эгер куштардын саны жүзгө жакын болсо, айына 100 килограмм жем керектелет. Ошондой эле, чымчыктарга дандын ар кандай түрүн берип, дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп туруу керек. Көгүчкөн — тынчтыктын кушу. Алардын асманда учуусу үчүн эч нерсемди аябайм», - деди Николай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 550
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу