Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балта шаарынын мэри кайрадан шайланбай калды

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештеги депутаттардын кворуму жок болгондуктан мэр кайрадан шайланган жок.

Аймактык кабарчы белгилегендей, бүгүн, 30-августта жыйынга КСДП, «Мекеним Кыргызстан», «Элдик-Народная» жана «Республика — Ата Журт» партияларынан жалпы 18 депутат катышты. Шаар жетекчисин дайындоо үчүн 31 депутаттын жок дегенде 21 депутаты жыйынга катышуусу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо күнүн 30-август деп бекиткен.

Буга чейин Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 25-августка белгиленген. Бирок шаардык кеңештеги депутаттардын кворуму жок болгондуктан шайлоо өтпөй калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 846
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:33,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×