Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 25 жаштагы Бурулсун 3-классынан тарта ыр жазып, кол өнөрчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Айдарбек кызы Бурулсун Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында 1992-жылы төрөлгөн. Ал 3-классынан тарта ыр жазып, чыгармалары гезит беттерине жарыяланган. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Мен Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн атындагы орто мектебине 1999-жылы 1-класска кабыл алынып, 2010-жылы окуу бүттүм. 2011-жылы №6 колледжден салык кызматкери болуу үчүн билим алып, андан соӊ билим алууну И.Арабаев атындагы КМУнун математика жана физика бөлүмүндө уланттым. Аны бүткөндөн кийин Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде 1 жылдай мугалим болуп эмгектенип жүрдүм. Учурда шартка байланыштуу кесибим менен иштеген жокмун», - деди ал.

Бурулсун 3-классында эле апасына арнап ыр жазган. Анын ырга болгон шыгы бар экени ошондо эле байкалган.

«3-класстан тарта ыр жаза баштагам. Алгачкы ырым апама арналды. Үйдөгүлөр жайлоого эс алганы кеткенде апамды сагынып жазган ырым:

Жаным апа жандай көргөн жан апам,
Жаным апа тосуп алчы баратам.
Бир кучактап мээримиӊди төгүп кой,
Анан кантип сагынычым таратам.

Менин таякелерим да ыр жазышат. 5-классымда алар менин ырларымды карап көрүп, гезиттерге чыгарып беребиз дешти. Кийин «Жаӊы мезгил» жана башка гезиттерге ырларым жарыяланып жүрдү. Учурда 100дөн ашуун ырларым бар. Мындан сырткары, кол өнөрчүлүк менен алектенип, курак курап, кийизден оюм чийип, түймө түйөм. Ошондой эле, сүрөт тартканды абдан жактырам. Келечекте ырларымды китеп кылып чыгарсам деген тилегим бар», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

«Атабыз 2012-жылы каза болуп калган. Өзүбүз беш бир тууган болсок, мен экинчисимин», - деди жаш талант.

Жоокерге

Мекен үчүн канын, жанын аябай,
Фашисттердин күч огуна карабай,
Төшүн тосуп немистердин дзотуна,
Элин коргоп, эрдик кылган Чолпонбай.

Коргоо үчүн Ата Журтун, өз элин,
Канын төгүп, фашист менен согушкан.
Жараланып гитлердин огунан,
Канчалаган жоокер курман болушкан.

Алдадыӊ, таштап кеттиӊ, бирок мени...

Сүйөм деп сен мени буулуктуруп,
Жүрөккө жылуу сезим, бакыт куруп.
Алдадыӊ, таштап кеттиӊ, бирок мени
Ак-сүйүү, махабатты унуттуруп…

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1015
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:33,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×