Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Кыргызстандын жаратылышы: Көздүн жоосун алган Жашыл-Көл, Тянь-Шань тоолорунун бермети (фото)

Turmush -  Эл жашаган айылдардан 100 чакырым алыста, Казакстандын чек арасына 300 метр жетпей жайгашкан Жашыл-Көл тууралуу уктуӊуз беле? Эгер укпасаңыз Кыргызстандагы эӊ кооз жерлердин бири Жашыл-Көл тууралуу изилдөөчү Оморова Гүлбара айтып берет.

21246101_1998292380197087_1169014725_o

«Мен 3 жыл мурун Чоӊ-Кемин өрөөнүндөгү Көл-Көгүр көлүнө барып, ал жерде Жашыл-Көл аттуу көл бар экенин угуп, кызыгып калгам. Кийин Франциядан келген туристтер ошол жерге велосипед менен барабыз деп жолду сурашкан. Ошондон бери бул көлдү көрүп келүүгө кызыгуум артып, мүмкүнчүлүк издей баштадым. Мага көл тууралуу жергиликтүүлөр эч кандай маалымат бере алган жок. Ал жерге кандай баруу керек жана башка маалыматтарды Алматадагы тоо туризми менен алектенгендерден алдым. Бул көлгө көбүнчө кошуналар атайын турларды уюштурушат. Аларга оӊой жана жакын. Түштүк Тянь-Шань кырка тоолору аркылуу ашууну ашып баруучу жолдор бар. Кеңеш учурунда туристтер Алматадан Бостери ашуусу же Григорьевка ашуусу аркылуу Ысык-Көлгө чейин жөө түшүп келишчү. Анткени Алмата менен Чоӊ-Кеминдин аралыгы 35-40 чакырым. Бирок азыр өткөнгө тыюу салынган. Ошондуктан алар Кордай ашуусу менен көлгө келишет», - деди ал.

Гүлбара айым жанына 5 кишини алып, айтылуу Жашыл-Көлгө саякатка барып келген.

«Биз айдоочу Бахтияр, жаратылышты сүйгөн мен, сүрөтчү Макс, лыжа боюнча машыктыруучу Виктория жана саякатчы Иван, мамлекеттик кызматта иштеген Данияр болуп ишенби күнү эртеӊ менен эрте жөнөп калдык. Бул көлгө баруу үчүн чек ара кызматынан уруксат керектелет. Аны алууга 3 күндөн 7 күнгө чейин убакыт жумшалат. Чек ара эрежелерин сактап, №172 токтом боюнча чек аранын тилкесинен өтүүгө уруксат деген документ берилет. Анткени аталган көл чек арага 300 метр жетпей Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Биринчи Чоӊ-Кемин коругуна барып, унаага жана ар бир адамга акы төлөп киргенден кийин 15-30 чакырым аралыгында чек ара кызматынын аскерлери токтотот. Алар паспорт, уруксат берүүчү документтерди текшерет. Эгер сизде булар жок болсо кайра артка кайтарат», - деди саякатчы.

21245790_1998292206863771_1868769497_o(1)

Ал көлдүн өрөөнүнөн түлкү, тоо эчки, суур, каман, элик, илбирс, карышкыр, чөө, кичинекей тыйын чычкан, улар, сасык үпүп, куштардын түрүн жолуктурса болорун, кызыл китепке кирген жаныбарларга, өсүмдүктөргө бай экенин, бирок ал жерде мергенчиликке тыюу салынса да чаламандын чак түшүндө эле мылтыктардын тарсылдаган үндөрүн укканын айтты.

«Жашыл-Көлдүн жаралуу тарыхы боюнча айтсам, ал жерде Кемин мөңгүсү жайгашкан. Андан Чоӊ-Кемин дарыясы агып чыгып Су дарыясына куят. Моренанын чоӊ таштарынын астынан агып түшөт. Мына ошол таштар кулап, эки жагынан жар пайда болуп, мөӊгүдөн суу топтолуп отуруп Жашыл-Көл пайда болгон. Деӊиз деӊгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Жашыл-Көл деп аталып калышына көлдүн өӊү ачык көк-жашыл болуп кубулганы себеп болгон жана өтө кооз көрүнөт. Жергиликтүү эл бул көлдү Көл-Челек деп аташат. Анткени көлдүн формасы челек түрүндө жана тоонун арасында жайгашкан. Чабандар Челек деп коюшат жана ал жакка барууга дарыялар тоскоол болорун айтышат.

Чоӊ-Кемин дарыясына кирген Кашка-Суу, Чоӊ Ак-Суу, Ичке-Суу, Орто-Кайыңды сууларынын агымы чоӊ. Жашыл-Көлдөн агып чыккан Чоӊ-Кемин дарыясына 6 коктудан 6 дарыя куят. Дарыянын оӊ жагында көлгө кеткен чыйыр жол бар экен. Ошол эле оӊ жагынан 3 дарыяны кечип өтүп, көлгө барасыз. Дарыяларды эртеӊ менен саат 10:00гө чейин кечип өтүп кетүү керек, болбосо андан кийин суу толуп, кечип өткөнгө мүмкүн болбой калат. Торпок, койлорду, адамдарды агызып кетүүчү дарыялар. Жай мезгилинде суу кирген кезде дарыядан өтүүгө таптакыр болбойт», - деди ал.

21216206_1998294436863548_562527897_o

Оморова Гүлбара Жашыл-Көлдүн кооздугун жазып да, сүрөттөп да бүтө албасын белгиледи.

«Жашыл-Көл Түштүк Тянь-Шань тоолорунун бермети болуп эсептелет. Аталган жердин артыкчылыгы көлдүн түсүндө жана суунун тазалыгында. Табигый түрдө тазаланып, ушундай түстө жаралып калган. Көлдүн үстүнөн келип суктанып, андан кийин ылдый жагына түшөсүз. Маӊдайыӊызда тоодон кичинекей шаркыратманын үнү гана тынчыӊызды албаса, бул жер убакыт токтоп калгандай сезилет. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, гүлдөр өсөт. Орто жолго чейин токойлор менен тоолор жана карагайлар болсо, көлгө бара жатканда сизди башкача ландшафт күтөт. Ийининен чыгып үн салган суурлар жана сайраган куштарды көп көрөсүз. Бизге камандар, жапайы топоздор бар абайлагыла деп эскертишкен, бирок биз аларды көргөн жокпуз. Түнкүсүн асман Саманчынын жолундай болуп, жылдыздар жакындан кооздукту тартуулайт. Жер кыртышы басканга ыңгайлуу. Көлгө аз калганда гана чоӊ таштар менен бийикке көтөрүлөсүз. Жайыт болгондуктан жер кыртышы чөптүү, дарыянын айланалары гана саздуу жана таштар бар. Кайыӊды айылынан баштап унаа жолу начар, асты бийик унаалар гана бара алат. Аба ырайы жакшы, күн ысык болуп турат. Бул өрөөндө жаан аз болуп, чабандар октябрь айына чейин турушат экен. Бирок ысык болгондуктан тоолор сары түскө боёлуп, күз эрте келет», - деди Гүлбара айым.

Анын айтуусунда, Кеминдеги эӊ акыркы айылдар Шабдан, Кайыңдыдан өткөндөн кийин көл 100 км чакырым алыста жайгашкан.

«Сиздин унаа эӊ акыркы чабандын үйүнө, коктудан аккан дарыянын жанына токтойт. Андан ары 15-16 чакырым аралыкты басып жөө барасыз. Бул көлгө биз 2 күндө барып келдик. Чатыр койгон жерден баштап жөө бардык. Чабандардын боз үйлөрү бири-бирине 8-10 км аралыктарда жайгашкан. Жөө баргыӊыз келбесе жана дарыяларды кечкенден корксоӊуз аттарды ижарага алып, минип барган оӊой болот. Бул жол менен Чоӊ-Кемин жаратылыш коругунан баштап көлгө чейин жана Бостери, Григорьевка айылдарына өтүп кетүүгө маршруттар бар. Велосипед менен саякаттаганга абдан ыӊгайлуу, кызыктуу десем жанылышпайм жана бул жакка Ысык-Көл тараптан да барса болот. Көлгө түшсө болот, бирок сууда көпкө жүрө албайсыз. Бийиктикте жайгашып, мөӊгүдөн пайда болгону үчүн бул көлдө балыктар жок. Суунун өӊү аба ырайына жараша өзгөрүп турат», - деди ал.

21216220_1998291760197149_467667054_o

Аталган Көлдүн тереӊдиги болжол 8-10 метр. Июнь-июль айларында мөӊгү ээрип, суу толуп, тереӊирээк болот. Август айынын аягынан күзгө чейин суу азаят. Көлдүн узундугу — 30-32 метр, ал эми туурасы — 6-8 метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу