Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Чүйлүк мушкер А.Ороскулов Өзбекстанда өткөн мелдеште бутунун жаратына карабай 2-орунду багындырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоӊ-Арык айылынын 16 жаштагы тургуну Айдар Ороскулов бокс боюнча өткөн Өзбекстандагы мелдеште 2-орунду багындырды. Ал бул жеңиш үчүн ооруган бутуна да карабай, болгон аракетин жумшаган. Жаш мушкер менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен учурда Тилекмат атындагы орто мектепте билим алып келем. Спорт менен 4 жарым жылдан бери машыгам. Негизи эле бала кезден спортко, анын ичинен бокска абдан кызыкчумун. Айылга спорт зал ачылары менен катыша баштадым. Ошол 4 жылдын ичинде өспүрүмдөр арасындагы беттештерди утуп, 2015-жылы Кыргызстандын чемпиону, 2017-жылы Азия чемпиондугунун сыйлык ээси болдум.

Мелдештерде эӊ эсте калган окуя бул болду. Өзбекстанда жарым финалга чыккам. Ага чейин кокусунан бутумду кайрып алдым. Финалда бутум билинбей эле шишип кетти. Бирок беттешти токтотпоону кааладым. Ошондо жарадар болгон бутум менен 2-орунду алгам. Келечекте кудайым буюрса, дүйнөгө атагым чыккан мушкер болгум келет», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×