Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Ашпозчу К.Александр таза тукумдагы тоокторду багып, ар бирин 600 сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ким Александр 1975-жылы Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында төрөлгөн. Ал убагында ашпозчулук кесибин аркалап, кийин тактап айтканда акыркы 4 жылдан бери таза тукумдагы кара тоок жана пушкин аттуу тоокторду багып өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ким Александр учурда Аламүдүн районунун Ленин айылында жашайт.

«Менин улутум корей. Өзүм Казакстанда төрөлгөнүм менен Кыргызстанда өсүп чоӊойдум. Өзүм тажрыйбалуу ашпозчумун. 20 жылдан ашуун ашпозчу болуп эмгектендим. Акыркы 4 жылдан бери таза тукумдагы тоокторду көбөйтүп, аларды кайра сатып иштеп келе жатам. Негизи таза тукумдагы тоок менен жөнөкөй тоокту багуунун айырмасы жок. Ошол эле жем-чөп колдонулат. Бирок таза тукумдагы тооктор пайдалуу келет. Ошол себептен атайын Россиядан кара тооктордун жумурткасын буйрутма менен алдыртам. Ал жумуртканын ар бирин 150 сомдон сатып алам. Алып келген жол акысы менен чогуу 176 сомго барат. Мындан тышкары пушкин аттуу тоокту багып жатам. Аны алдырарда бул тооктун жумурткалары бир аз арзандап калган. Санкт-Петербургдан ар бир жумурткасын 93 сомдон алдым. Учурда пушкин тоогунун 3 айлык жөжөсү 1,5 кг салмакта болуп калды. Экөө теӊ биздин аба ырайына ылайыкташкан, суукка чыдамдуу келишет экен. Жылына 220-240 даана жумуртка тууп беришет. Мен бул тооктордун жумурткасын жаз келгенден баштап жайдын ортосуна чейин инкубаторлорго сатам. Ошондой эле, жөжө болуп чоӊойгондорун өзүнчө баалап сатам. Мисалы, 3,5 айлык тоокторду 150-200 сом, 7-8 айлыкты 600 сомдон баалайм. Чоӊ тоокторду негизи сатпайм. Алар эмки жылга жумуртка тууп бериш керек да», - деди ал.

Ким Александр ар бир тооктун жашына жараша жем-чөбүн даярдап берет.

«Мен ар бир тооктун жашына жараша жем-чөп даярдап берем. Кичинекей жөжөлөргө 4-5 маал жем берсем, чоӊдоруна 2 маал берем. Негизи тооктордун эске тутуусу 5 күндүк эле. Кокус бир тоок жумуртка басып өзүнчө калса, 5 күнгө жеткирбей тоокторго кошуп туруш керек. Болбосо аны тааныбай башка тооктор кошпой кууратышат», - деди ал.

Аламүдүндүк ишкер үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

«Менин келинчегим мугалим болуп эмгектенет. Экөөбүз 2 баланы тарбиялап өстүрүп жатабыз. Балдарым кооз, сүйкүмдүү жөжөлөрдү тандап, өздөрүнө энчилеп алат да, чоӊойгуча карап багышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 514
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу